Ала-Букада 35 жаштагы адам унаасы менен кошо күйүп кетти

Ала-Бука районунда айдоочу унаасы менен кошо күйүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Андагы маалыматка караганда, кырсык 5-апрель күнү саат 3-4 чамаларында райондогу Ала-Бука айылынын Ибрагимов көчөсүндө орун алган.

"ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен унаанын 1984-жылы туулган К.Э. аттуу айдоочусу каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidarov1988
2019-04-06 08:44:45
Авария брлгонбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан