Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын уулу Барсбек ыр жаздырды. Учурда Барсбектин ырына клип тартуу иштери башталганы турат. SUPER.KG порталы Самара Каримовага байланышканда ал "уулубуздун балалык кези эсте калсын деп клип тартып коюуну туура көрдүк" деп, буларга токтолду.
"Барсбек көп убакыттан бери чыгармачылыкка кызыгып жүрөт. Буга чейин атасы экөөбүз уулубуздун ырдап чыгышына макул болбой жүргөнбүз. Данияр Эрматовдун Оштогу концертинде чоң сахнага чыгып "Билем жактырасың" ырын чогуу аткарган. Уулубуздун балалык күнүнөн эсте каларлык учурлары болсун деп ошол ырды жаздырып, клип тарттырып коёлу деп чечтик. Данияр Эрматов кичинекей күйөрманын колдоп, клибине тартылуу үчүн атайын Ошко келди.
Ал эми уулум бул ырдан кийин дагы ыр жаздырып, чыгармачылыкка аралашабы билбейм. Өзүнүн каалоосу аябай күч, чыгармачыл адамдар менен жүргөндү, сахнага чыкканды жактырат. Бирок атасы экөөбүз Барсбектин билим алып, илимдүү болушун каалайбыз. Эгер чыгармачылык окуусуна, билим алуусуна кедергисин тийгизбесе, анда ырчы болушуна макулбуз. Анын үстүнө баланын каалоосуна көңүл бурбай "жок, жок" дей берип канатын кайрып албайбызбы деп чочулайбыз", - дейт Каримова.
Барсбек Асан Мансуров менен Самара Каримованын тун уулу. Ал быйыл сентябрь айында мектеп босогосун аттайт. Кыргыз шоу-бизнесинен ырчы Данияр Эрматовду кумир тутат. Атүгүл кийимдерин чач жасалгасын дагы Эрматовдукундай кылып бергиле дегенин кошумчалады Самара Каримова.