SUPER TV: Максат Надырбеков жалаякка, Адилет Азимов үйлөнүү тоюна акча чогултту

SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каармандары - шоумен Максат Надырбеков жана ырчы Адилет Азимов. Алар берилген тапшырма боюнча унаа токтотуучу жайда кызмат кылышты. Аталган жайга машинасын токтотууну каалаган айдоочуларга жардамдашып, өз милдеттерин так аткарган мырзалар чогулткан акчаларын эмнеге жумшай турганын да айтып өтүштү. Анда жакында эле ата статусуна ээ болгон Максат Надырбеков тапкан акчасына кызына жалаяк ала турганын, ал эми Адилет Азимов үйлөнүү тоюна акча чогултуп жатканын айтты.

Мырзалар өздөрүнө берилген ишти канчалык деңгээлде аткара алышканын төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыздар.

Максат Надырбеков жалаякка, Адилет Азимов үйлөнүү тоюна акча чогултту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан