Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун үстүнөн козголгон кылмыш иш сотко өткөрүп берилди. Мындай маалыматты 5-апрелде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, аталган кызмат сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, 22-мартта Адамкул Жунусовго карата 247-беренин негизинде айыптоо актысын түзгөн жана актыны бекитүү үчүн Башкы прокуратурага жиберген.
28-мартта Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишти Бишкектин Октябрь райондук сотунун кароосуна жиберген.