7 жаштагы баланы уурдап, ири суммадагы акча талап кылууга шектүү ишкер кармалды. Ал ата-энеси акчаны жеткирип бербегени үчүн баланы өлтүрүп койгону айтылып жатат

Жалал-Абадда үрөй учурган окуя катталганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, 5- апрелге караган түнү саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБиге ушул эле райондун 1983-жылы туулган С.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Жазган арызында 4-апрель күнү күндүзгү саат 12лер чамаларында 7 жаштагы Т.А. аттуу баласын белгисиз адамдар айылдан уурдап кетип, учурда кайда экени белгисиз болуп жатканын айткан.

Ошол замат арыз Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренесинин негизинде иликтөө иштери башталган.

Ошондой эле Жалал-Абад жана Ноокен РИИБинин Криминалдык кызматы тарабынан оперативдүү-тергөө тобу түзүлгөн. Иликтөө ишинин жүрүшүндө айылда ишкерлик менен алектенген жаранга белгисиз бирөөлөр телефон чалып "сенин балаң бизде, 13-апрелге чейин 120 миң доллар табасың" деген талап койгон. Андан көп убакыт өтпөй ошол эле номурдан "өзүң телефон чал, эгерде милицияга кабар берсең уулуңду өлтүрөбүз. Айтылган сумманы 10 күндүн ичинде тап" деген билдирүү келген.

"Түзүлгөн оперативдүү-тергөө тобу ошол учурда комплекстүү иш-чараларды баштап, шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, ошол эле райондун 1997-жылы туулган А.Х. аттуу тургунун кармашкан. Бирок ал ага чейин эле баланы өлтүрүп койгону белгилүү болгон. Шектүү кармалгандан кийин, баланы айылдын айдоо талаасына алып барып көмүп койгон жерин көрсөтүп берген. Баланын жансыз денеси жерден казылып алынып, шектүүгө кылмыш иши ачылды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирет ИИМ.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кылмышка барган адам менен баланын атасы көп убакыттан бери чырдашып келишкен. Алар мурда бирге иштешкен. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bazana
2019-04-05 22:03:56
Кудай сактасын, ата энесине сабыр каалаймын. Тиги зоокур, жырткыч оз жазасын алсын, баласында эмне күнөө, кучу алсыз наристеге жетиптирда, атасы менен урушпайбы атасында очу болсо.
+18
XATSAN125
2019-04-05 22:29:57
тоок уурдаганда Т.Б Х.Й дебей Эшматов Ташмат Батмашевич деп коншу колон жети атасына чейин атамак
+23
zhesika
2019-04-05 23:24:07
ужаааааас\
0
Eli.91
2019-04-06 12:06:42
Сакен туугандардан окшойт Х дегенине Караганда.
+2
tursunbaev78
2019-04-06 23:08:18
Eli.91,кебетеси Кыргызга эле окшоп турат
+2
Mur-Naz
2019-04-06 15:43:28
Кандай окунучтуу эмне деген адамдар чыгып жатат
+1
Taalai94
2019-04-06 20:15:47
Ит экенго
0
FC-Abdish-ata
2019-04-07 16:10:56
Puzdesa
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан