Билим берүү министрлиги мектептерге телевизор сатып алууда мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге телевизор сатып алууда мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Мындай маалыматты Башкы прокуратура кабарлады.

Маалым болгондой, 2016-жылдын 14-сентябрында министрлик 4 миң 236 комплект телевизорду (дубалга иле турган куралы, антеннасы менен чогуу) сатып алуу боюнча сынак өткөргөн. Ал телевизорлорду республиканын 2 миң 118 мектептерине чейин жеткирүү менен министрликтин кызмат адамдары сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузушкан. Башкача айтканда, телевизорлордун баасын негизсиз жогорулатышкан.

Сынактын талаптарына туура келбегендигине карабастан "АР" ишканасы жеңүүчү деп табылган жана аны менен келишим 129 миллион 731 миң 736 сомго түзүлгөн (1 телевизор 30 626 сом болгон). Ошол эле учурда аталган ишкана жогоруда белгиленген телевизордун бирөөсүн 19 миң 398 сомдон сатып алган, натыйжада айырма 47 миллион 561 миң 808 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, ишкана жалпы билим берүүчү мектептерге телевизорду жеткирүү жана орнотуу мөөнөтүн бузганына карабастан министрлик тарабынан 3 миллион 891 миң 952 сом өлчөмүндөгү айыптык санкциялары салынып жана өндүрүлгөн эмес. Андан тышкары, берүүчүнүн кызыкчылыгы үчүн жеткирүү мөөнөтү да негизсиз узартылган. Ошентип, министрликтин кызмат адамдары жана комиссиянын мүчөлөрү жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында мамлекетке 7 миллион 235 миң 88 сом зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча министрликтин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин тергөө максатында Кылмыш-жаза кодексинин 320- (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 234- (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
stal.ks
2019-04-06 01:22:53
ошондо кимдер камалат?
-1
Muratmipa
2019-04-06 05:06:10
Мектепте телевизорго балее барбы башка чече турган маселе жоктой башка иш кылгылачы эптеп септеп эле акча жеш керек болуп калдыго
+1
munar1980
2019-04-06 09:52:34
Жеп тойбогондорду камап жок кылгылачы жадатты ошол жеп жутарлар өлгөндө көрүнө көтөрүп кете тургансып жешет баары карапайым биз элдин акчасы кыргызстан оңолсо барат элек мекенибизге жададык биз да мигрант болуп 13 жыл болду мага чет жакта жургөнүмө
+2
elchi84
2019-04-06 10:10:57
Биздикилер ошону кылат да дагы мне кылмак эле .
+2
Aikaaaa
2019-04-06 14:07:06
Ушу тв нын мектепке эмне кереги бар эле дейм да, мугалимдер сабак өтүшөт, бир сааттык бош убактысы болсо дагы бир жумушун бүткөргөнү чуркап кетет, же кийинки саатына даярданышат. Анан жөн эле иштеп турганын көрөсүң, көргөн киши жок, ал да болсо мамлекетке зыян. Электрды экономдобойбуз
0
HanTegin
2019-04-07 00:08:08
Мектепте телевизорду мугалимдер коруу учун эмес ТСО катары пайдалануу учун беришет. Сабак отконго пайдаланылат
0
ooki8888
2019-04-09 18:43:03
Бул телевизордон эле келтирген зыяны, а калганын канча!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан