Бишкек-Торугарт унаа жолунда, тактап айтканда, Кочкор районундагы айланып өтүүчү жолго кире бериште жол кырсыгы катталды.
Кырсык бүгүн, 6-апрелде болжол менен саат 14:30-15:00 чамасында орун алган. Анда DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен BMW үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил унаадагы айдоочу жана 3 жүргүнчү денесинен алган ар кандай жаракаттары менен Кочкор райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген.