Бишкектин Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-апрелде саат 21:30 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасы Nissan унаасын сүзүп, андан ары жол четинде токтоп турган Аудини да сүзүп токтогон.
"Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаран Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Алар Ауди жана Ниссан унааларынын айдоочулары жана бирөө жүргүнчү катары бара жаткан. Ал эми Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден кетип калгандыктан анын аты-жөнү учурда такталууда. Унаалар айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иш-чаралар аткарылууда", - деп билдирет басма сөз кызматкери.