Таласта жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүшүп, 46 жаштагы жол кыймылынын инспектору каза болду

Талас облусунда жол кырсыгы катталып, андан 46 жаштагы инспектор каза болду. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-апрелден 6-апрелге караган түнү Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолундагы Боо-Терек айылында болгон. Анда инспектордун унаасы менен MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.

Жеңил унаада 3 кызматкер болгон. Алардын бири окуя болгон жерден каза болуп, эки кызматкер ооруканага жеткирилген. Каза болгон кызматкер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери, милициянын прапорщиги Жыргалбек Абдылдаев болгон. Ал 1997-жылдан бери бул тармакта иштеп, артында 3 баласы калды.

Ал эми жол кырсыгы тууралуу тиешелүү экспертизалар дайындалып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-04-08 11:45:07
Байазович, Байзакович?
0
Suzak12
2019-04-08 14:33:56
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан