Кыздарын сойку деп атаганы үчүн тууганын өлтүрүүгө айыпталган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облусунда кыздарын сойку деп атаганы үчүн тууганын өлтүргөн жаран 12 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү 26-март күнү Кара-Көл шаардык соту чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Кара-Көл шаарында былтыр октябрь айында болгон. Анда Т.Д. аттуу жаран Б. аттуу тууганы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо уруш чыккан.

Айыпталуучу берген көрсөтмөгө ылайык, ал тууганы экөөнүн ортосунда пикир-келишпестик болуп, соттолуучунун тууганы анын кыздарын сойку деп атап, кадыр-баркына шек келтирген. Мындан улам ортодо мушташ чыккан. Б. аттуу тууганы жерге жатып калганда айыпталуучу аялына чалып, ал окуя болгон жерге келген. “Тез жардам” чакырылганы менен жабырлануучу оор жаракаттардан улам каза болуп калган.

Кылмыш иши 26-март күнү Кара-Көл шаардык сотунда каралып, айыпталуучунун күнөөсү толук далилденгенин эске алуу менен сот аны 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Белгилүү болгондой, айыпталуучу мурда да сот жообуна тартылган. Соттолуучу ага коюлган айыптоолорго макул болбой апелляциялык арыз менен кайрылган. Облустук соттон билдиришкендей, арыз облустук соттун өндүрүшүнө келип түшө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2019-04-09 16:40:56
Кудай сактай көр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан