"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Москвада бычакталган делген Кыргыз жараны ооруканадан чыкты. Бычак саюуга шектелип жергиликтүү тургун кармалган

Москвада Кыргыз жараны жергиликтүү тургун тарабынан бычакталды делген маалымат боюнча Кыргыздын Орусия Федерациясындагы элчилиги маалымат таратты. Анда белгилүү болгондой, элчиликтин өкүлчүлүгү жабырлануучу менен байланышып, төмөнкү маалыматтарды аныктаган.

"Жабыркаган жаран И.А.Т. 1965-жылы Ош облусунун Чоң Алай районунда туулган. Ал Москва шаарынын Фили-Давыдково районунун тиричилик коммуналдык чарбасында бригадир болуп иштеген. Окуя 4-апрелде Москванын Славян бульварында болгон. Жабыркаган жаран окуя болгондон кийин ооруканага жеткирилип, медициналык жардам алган. Эртеси күнү ден соолугу калыбына келгендиктен ооруканадан чыгарылган. Окуяга шектүү катары Орусиянын жараны 1964-жылы туулган Г.А. аттуу тургун кармалган. Анын үстүнөн 5-апрель күнү Дорогомиловск райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон", - деп билдирди элчиликтен.

Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышып, Москвада жергиликтүү тургун Кыргыз жаранына бычак сайып салганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан