Ысык-Көлдө кар көчкү түшүп эки адам жеңил жаракат алды

Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, 2 адам жаракат алды. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 7-апрель күнү саат 16:40 чамаларында, ага чейин түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда орун алган.

"Кар көчкү жолду тазалап жаткан бульдозерди басып калса, министрликтин №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин унаасын ылдый тарапты көздөй сүрүп кеткен. Жыйынтыгында 2 кызматкер жеңил жаракат алды. Ал эми кар көчкүнүн көлөмү жалпы 12 миң куб метрди түзүп, жолду жаап калган.

Учурда башка техникалар тартылып, кар көчкүнүн алдында калган техникаларды чыгаруу жана жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол эртең ачылат", - деп кабарлашты министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан