Жалал-Абадда 28 жаштагы жаранды тапанча менен коркутуп, акча талап кылганга шектелгендер кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 28 жаштагы жаранды тапанча менен коркутуп, акчасын тартып алганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү болжол менен саат 03:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБинин нөөмөт бөлүгүнө Баткен облусунун Кадамжай районунун 28 жаштагы жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалгандыгы жөнүндөгү арызы менен кайрылган.

Арызда шаардын жээгиндеги жолдо Субару үлгүсүндөгү унаасы менен жабырлануучунун унаасын тосуп токтотушуп, андан соң тапанча менен коркутушуп, күч колдонуп акчасын тартып алышканы жазылган. Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургундары, 22 жаштагы А.К., 21 жаштагы О.Д., 18 жаштагы А.Б. аттуу жарандар кармалган. Ошондой эле алар айдаган Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаага кароо жүргүзүү учурунда ичинен оюнчук тапанча, бир нече бычак, акча каражаты жана документтер табылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. 22 жана 21 жаштагы жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdizhapar
2019-04-09 08:12:53
Арам тамактар
0
DNurgiza
2019-04-13 23:43:19
Жаңылышкан да, жакшынакай эле балдар экен... Ата энесине күч кубат, азабын ата эне эле тартат эмеспи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан