Түркиялык кыргыз кызы Бегүм Зейнеп Ташкын жаштар арасындагы таэквондо боюнча Түркия чемпиону аталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге түркиялык кыргыз Мошал Гүвен билдирди.
Маалым болгондой, 4-7-апрель аралыгында Конья шаарында таэквондо боюнча жаштар арасындагы өлкө чемпиондугу өткөрүлүп, ага катышкан Ташкын алтын медалды жеңип алган.
"Карындашыбыз 47 килограмм салмак ченинде өлкө чемпиону аталды. Ал Рахманкул хандын небереси Абдукерим Ташкындын кызы. 13 жашта. 10 жашынан бери таэквондо менен машыгып келет. Буга чейин бир топ мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келген. Учурда үй-бүлөсү менен бирге Стамбул шаарында жашайт", - деди Гүвен.
Рахманкул хан - саясий ишмер жана аскер кызматкери. Ал Памирдеги, андан кийин Пакистандагы, Түркиядагы кыргыздардын башчысы болгон. 1982-жылы ал башкарган 293 түтүн памирлик кыргыздар Түркиянын Ван аймагына көчүрүлгөн. Рахманкул хан 1990-жылы Түркиянын Эрзурум шаарындагы ооруканада каза болгон.