Орусиялык ырчы Баста менен келген гитарачы Бишкектеги спорт ордосунун мышык ыйлай турган абалын социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн. Эл кире элек учурда Николай Сарабьянов аттуу гитарачы Инстаграм баракчасына Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун абалын тартып жүктөгөн. Андан сыры кеткен тактай пол, отургучтарынын булгаарысы айрылган, жешилип, сүрүлгөн абалын көрүүгө болот. Николай Сарабьяновдун "Бишкек шаары. Убакыт машинасы бизди 30 жыл артка алып барды" дегенин угууга болот.
Видеонун алдына көпчүлүк кыргыз колдонуучулар спорт ордосу үчүн уялып жатышканын жазып, президенттин жана башка бийлик өкүлдөрүнүн Инстаграмдагы баракчаларын белгилеп кетишкен.
45 жылдан бери спорт ордосунда байма-бай концерттик иш-чаралар, спорттук мелдештер, алтургай жарманкелер дагы өтүп турат. Талкуу жараткан спорт ордосунун бүгүнкү абалы тууралуу SUPER.KG порталы шоу-бизнес жана маданият өкүлдөрүнө кайрылып, алардын пикирлерин укту.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева чет элдик ырчылардын биздин кемчилигибизди айтып чыгышына өзүбүз күнөөлүүбүз дейт.
"Спорт ордосуна 1990-1991-жылдары жеке концертимди койгом. Ошондо эле ал жай мен үчүн эмес экенин түшүнгөм. Ошондуктан бүгүнкү абалы тууралуу эч нерсе айта албайм. Ал эми чет элдик ырчылардын биздин кемчилигибизди айтып, социалдык тармакка чыгарышы туура эмес. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Негизи уюштуруучулар келе турган ырчылар менен алдын ала сүйлөшүп, концерт өтө турган жай менен тааныштырып, келишим түзүш керек болчу.
Биздин шоу-бизнес өкүлдөрүнүн багына филармония бар экен. Эптеп ошол жактан концертибизди өткөрүп келебиз. Негизи эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги курулуш компаниялары менен сүйлөшүп, чоң концерттик зал салып берсе жакшы болмок. Эч ким аракет кылбайт", - деди.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков спорт ордосу талапка жооп берген, заманбап жайга айланат деп үмүттөнөрүн айтып, буларга токтолду.
"Спорт ордосунда 10го жакын концерт койгом. Ооба, аталган жайдын абалы талапка жооп бербейт. Спорттук иш-чаралар өтө турган жай экенине карабай, айла жок концерт коюп келебиз. Ырчылар канча күн концерт берсек, ошол күндүн баары үчүн ижарасын төлөйбүз. Ошол түшкөн каражаттарга ремонт жасатса жакшы болбойт беле? Айта берсең сөз көп, ал жак монополияга айланып кеткен. Айтпайын десең баягы эле таз кейпи. Эмнеси болсо да спорт ордосунун абалы жакшырып, заманбап жайга айланат деп үмүттөнөм", - дейт ал.
Фольклор менен эстраданы айкалыштыра ырдаган дастанчы Мээрим Карыпова, спорт ордосу концерт коюу үчүн эмес, башка иш-чараларды өткөрүүчү жай экенин айтат.
"Сахнага чыккандан бери спорт ордосуна бир да жолу концерт коё элекмин. Ал жай спорттук иш-чаралар үчүн салынган. Спорт ордосуна кайрымдуулук концерттер болгондо эле барып турам. Аталган жайдын бүгүнкү абалын жакшы деп айткандан алысмын. Ал жакта байма-бай иш-чаралар өтүп жатканына караганда, каражат жагынан аксабаса керек. Албетте, ошол түшүп жаткан акчаны оңдоп-түзөөгө жумшап, жаркыратып жасап койсо, канча деген ырчылар концертин спорт ордосунда өткөрмөк. Менимче, бул жайга жакшы уюштуруучу жетекчи керек", - дейт Карыпова.
Эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев спорт ордосунун бүгүнкү абалы ат сарайдай болуп калганын айтат.
"Биз ырчылар концерт коюу үчүн 40 миң сом, аппаратура үчүн 20 миң сом төлөйбүз. Андан тышкары сахнанын жасалгасы жана башка иштер өзүбүздүн моюнубузда. Ал үчүн 10 миң долларга чейин каражат коротосуң. Албетте, концерт бергенге жараша жогорку деңгээлде өткөрөйүн дейсиң да. Чындап келгенде спорт ордосунда күндө эле иш-чаралар өтүп турат. Андан түшүп жаткан каражаттар кайда кетип жатканы белгисиз. Ошол каражаттарга отургучтарды оңдоп, аппаратураларын жаңыласа жана башка ремонт иштерин жасаса болот да.
Спорт ордосу ат сарай эле болуп калды. Негизи эле Кыргыз өлкөсүнө концерт койгонго чоң сахна, зал керек. Бийликтегилер ушуга көңүл буруп койсо болмок. Сөзсүз эле чет элдик ырчылар келип, ушинтип жарыя кылып, айтыш керек беле?" - деди Шаадаев.
Ырчы Нурлан Насип спорт ордосуна концерт койгондо сөзсүз маселелер жараларын айтып, көйгөйлөр тууралуу кимге кайрыларыңды билбейсиң дейт.
"Спорт ордосунда канча ирет концерт өткөрдүм, дайыма маселелер жаралат. Арыз-муңуңду айтайын десең эле жетекчиси алмашып кеткен болот. Баары эле "эч нерсе билбейм" менен калып калат. Негизи спорт ордосунда күндө эле иш-чаралар болот. Жөнөкөй эле гримдөөчү бөлмөсүндө күзгүсү жок. Жадакалса кийим илгичтер дагы саналуу жана мурунку замандан калгандар. Суусу жок, айтор, айта берсе түгөнгүс кеп. Дагы бир маселе, спорт ордосунда иштегендер алдыңкы эки катарды эмгек жамааты үчүн бөлүп бергиле деп, билеттерди алып коюшат. Концерт күнү "бизге деле билет берип койсоң болмок" деп жумушчулары нааразы болот. Биз бөлүп берген алдыңкы орундардын билеттерин кымбат баада сатып салышат. Андан тышкары билеттер сатыкка чыкканда бардыгын ошол жерде иштегендер сатып алышат дагы, үстүнө акча кошуп сатышат. Ушундай маселелерден кийин ал жайга концерт өткөрбөй коёюн дейсиң, бирок күйөрмандар батпай калат экен. Анткени филармониянын залы 1 миң кишиге ылайыкталган болсо, спорт ордосунда 2 миң 200 кишиге ылайыкталган. Спорт ордосуна жергиликтүү эмес, чет элдик жылдыздар дагы концерт койгону келишет. Алар келгенде аябай уяласың. Коңшу мамлекеттердин концерттик залын көр да, биздикин көр. Чындыгында эле талапка жооп бербеген кейиштүү абалда".
Ал эми ырчы Аваз Акимов спорт ордосунун абалы чагылдырылган видео кеңири жайылып, тийиштүү мекемеге жетсе экен дейт.
"Спорт ордосунун абалы көңүл жубатарлык эмес. Концерт койгондо чет өлкөдөн конок катары ырчыларды чакыра албай, уяласың. Кээде коңшу өлкөнүн ырчылары концерт коёлу дешет, анда бизде көп орундуу зал жок деп кутуласың. Спорт ордосуна концерт коюу өзүнчө эле чоң маселе. Микрофондору, аппаратуралары жакшы иштебейт. Ошондуктан кийинкинде жеке концертимди филармониядан эле өткөрөйүн деп жатам. Ал эми интернетке жайылган видео тууралуу айтсам, дагы жайылып, сөз болсо экен. Ошондо гана тийиштүү мекемелер көңүл бурар", - деген жообун айтты.