Өткөн жылы өлкөдө 6 миңге жакын жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 716 адам каза болду

2018-жылы өлкө аймагында 5 миң 995 жол кырсыгы катталып, оор жаракаттардан улам 716 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

“Жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2017-жылга салыштырмалуу 907ден 716га азайды. Эң көп жол кырсыктары Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катталып, алардын саны 3 миң 242ни түздү.

Өлкөдө 29 миң 718 кылмыш катталып, анын ичинен 1 миң 715и оор жана өзгөчө оор кылмыш катары катталган. Бүгүнкү күндө өмүр бою эркиндигинен ажыратылган жарандардын саны 345 адамды түзөт”, - деди Разаков.

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өкмөттүн 2018-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматты укту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Farra16gsin
2019-04-09 17:29:07
Кыргызым согуш болбой эле кырылып атабызго кайран эл
0
aiba.8327
2019-04-09 17:48:30
Атанкору кору бул коп го атин ай....
0
Ysakov_Nur
2019-04-09 18:08:19
Украинада болуп жаткан согушта да мынча жаран олгон жок.

Айдоочулар абайлап айдагылачы айланайындар!

5-10минут кечирээк жетсенер эч нерсе болбойт, бирок жан аман калып жатпайбы?!
0
volk27
2019-04-10 10:58:33
Сүйүнчү берип койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан