Бүгүн, 9-апрелде УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу маселеси Бишкек шаардык сотунда каралды. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин күбө катары сурала турган өкүлү сот залына келбей калгандыгына байланыштуу судья отурумду 15-апрелге жылдырды.
Сот отурумунун жүрүшүндө жактоочусу Тимур Карабаев Суталиновду бошотуу боюнча өтүнүчүн келтирип, жүйөсүн түшүндүрүп берди. Ошондой эле акыйкатчы соттон Суталиновду абактан бошотууну өтүнгөнүн кошумчалады.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Жактоочусу Карабаев Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркап жатканын айтып, аны абактан бошотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Сот отурумунун жүрүшүндө, анын саламаттыгы боюнча чечим кабыл алган комиссия мүчөлөрү да Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркап жатканын айтышкан. Бирок Ленин райондук соту мамлекеттик айыптоочунун каршы болгондугуна таянып, Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан.