4 күн мурун Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну 7 жаштагы баланын өлүмүнө шектүү катары кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" жана "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен Ош шаарындагы СИЗОго 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге облустук милиция кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нурдин Жээнтаевдин айтымында, шектүү көрсөтмөсүндө 7 жаштагы баланы уурдап барып куру менен муунтуп өлтүргөнүн айтып берген.
"Шектүү баланы уурдап кеткен күнү эле кармалган. Бирок баланы уурдаганын моюнуна албай жаткан. Тергөө тобу анын телефонундагы чалууларды жана билдирүүлөрдү таап чыккандан кийин күнөөсүн моюнуна алган. Берген көрсөтмөсүндө баланы үйүнүн алдынан унаасына салып кетип, айдоо талаасына алып барып башка бир койгондо бала эс-учун жоготуп койгон. Андан кийин куру менен муунтуп өлтүрүп, ошол жерге көмүп салган. Экспертизанын жыйынтыгында да бала муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталды.
Анын мындай кылмышка баруусуна баланын атасы экөөнүн ортосундагы чыр себеп болгон. Анткени шектүү баланын атасынын курулуш материалдарын саткан дүкөндө иштеп жүрүп 180 миң сомдук курулуш материалдарын өзүнүн үйүнүн курулушуна пайдаланып жиберген. Дүкөн ээси аны билип калып, өзүнөн эмес, атасына барып ордун толтуруп берүүнү суранган. Шектүүнүн үй-бүлөсү банктан насыя алып чыгашаны кайтарып берген. Андан кийин дүкөн ээси "Орусияга барып иштеп, насыяңды кутулуп ал" деп, ага 14-апрель күнкүгө билет алып берет. Шектүү ачууланып калгандыктан өч алуу максатында баласын уурдап кеткен. Баланы өлтүрүп алгандан кийин акчаны алып качып кетүү үчүн атасына "13-апрелге чейин 120 миң доллар табасың" деген талап койгон. Мындан улам баланын атасы милицияга кайрылып, табууга жардам берүүнү өтүнгөн", - деди Жээнтаев.