Чүй облусунун Сокулук районунда ок атуучу куралдан жаракат алып каза болгон жарандын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 08:50 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 35-40 жаштардагы жаран башына ок тийип каза болгонун аныкташкан.
"Маркум Тойота унаасынын арткы орундугунда 12 калибрлүү тапанчаны колуна кармаган абалда табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми каза болгон жаран 39 жаштагы Шопоков шаарынын тургуну А.Т. аттуу жаран болгон. Ошондой эле унаа жана тапанча документ боюнча каза болгон жаранга тиешелүү болгон. Учурда сотко чейинки иш өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.