"Клиптеги кыз менен жигиттин таарынышкан жерин аткаруу кыйын болду" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган рэпер Баястан

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун рэп ырчысы Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасы толуктады. Чыгарма "Апамды издеп 2" тасмасына саундтрек катары жазылган. Чыгарманын авторлорунун бири Баястан Тамга менен чыгарма аткарууну өзү сунуштаганын айтып, буларга токтолду.

"Тамга ырдап чыккандан кийин аны менен чыгарма жаздырайын деп жүргөм. Бул оюмду Тамганын продюсери Чыңгыз Алиевге айтсам, ал макул болуп, тасмага саундтрек жаздык. Ал эми клип тартуу көп деле кыйынчылык жараткан жок. Анткени Тамга аябай түшүнүктүү, айтылган нерсени так аткарган кыз экен. Биз актёр, актриса болбогондуктан клиптеги кыз-жигиттин таарынышканын аткаруу бир аз кыйын болду", - дейт ал.

3-АПРЕЛДЕН 10-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" видеоклиби ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" видеоклиби ээледи.

8-орун - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасына буюрду.

7-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы камсыздады.

6-орун - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби эки баскычка төмөндөдү.

5-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" аталышындагы видеоклиби багындырды.

4-орун - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" чыгармасына буюрду.

3-орунда - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы жайгашты.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби эң көп добушка ээ болуп, аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан