ИИМ: "Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн короосуна уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн эс-учун жоготкон абалда таштап кетишкен. Бири эсине келбей каза болду"

Бишкектеги ооруканалардын бирине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турган эки жаран оор абалда келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда эки жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

"№2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган эки жаранды таштап, ал эми өздөрү белгисиз жакка кетип калышкан. Оор абалда келген жарандар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алардын бири алган жаракаттарынан эсине келбей каза болгон. Ал эми дагы бири оор абалда ооруканада. Алардын аты-жөнүн тактоодо каза болгон 45 жаштагы А.И. аттуу жаран болгонун, оор абалдагысы 36 жаштагы У.А. экени такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ошондой эле бул эки жаран тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond02
2019-04-10 13:03:01
Кайрадан адам болуп торолушсун деп таштап кеткен окшойт.
+21
Take_men
2019-04-10 13:37:30
Саяк жүрсөң таяк жейсиң
+12
ararat...
2019-04-10 21:46:19
Take_men,Мындай сөз жок тууган.Саякмын билбесең башыңа тийген таякмын деген бар. Сайгак болушу мүмкүн...
-3
Kantana
2019-04-10 13:53:35
А буларда убагында бирону какшатып журушконда еми жазасын алыптырда бири олуптур екинчиси еми орукчан болуп калатда
+9
_adil_
2019-04-10 17:23:46
Блатной жизнь хороша но короткодеген ушуда тынч жургонго не жетсин
+9
ekaterinburg
2019-04-10 18:03:45
Мумкун оздорунун подельниктери таштап кетишти...
+2
ruslanz
2019-04-10 18:57:23
"Ким итче жашаса, ошол итче олот" деген соз бар эмеспи. Криминалдардын бактылуу карылык откоргонун уга элекбиз.
+8
muku79
2019-04-10 22:12:39
Азыр адамдын убалынан коркпогон заман болуп калды,ушу балдарды олтургондор деле жакшы адамдар деп жатасынарбы, алар дагы ташадан чыккан акмактар,борк ал десе баш алган!!! Балдарынын энесинин коз жаштары уктатпайтго акмактарды!!! Бул кайтаар буйно!!!
0
didu
2019-04-10 22:53:38
криминалдын оз ажалы менен ооруп олгонун уга элекмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан