Кыргыз Премьер-Лигасынын алкагындагы 2 турдун беттештеринин жадыбалы белгилүү болду. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкө чемпиондугунун 2-туру 3 күнгө созулат. 12-апрелде "Дордой"-"Кара-Балта" клубдары беттешсе, 13-апрелде "Илбирс" клубу "Алай" командасын кабыл алат. Ал эми 14-апрелде "Академия-Лидер"-"Нефтчи" жана "Алга"-"Абдыш-Ата" беттештери өтөт.
Беттештердин жадыбалы:
12-апрель:
16:30 - "Дордой"-"Кара-Балта"
(Бишкек шаары, "Дордой" спорт комплекси);
13-апрель:
16:30 - "Илбирс"-"Алай"
(Кант шаары, "Центральный" стадиону);
14-апрель:
14:30 - "Академия-Лидер"-"Нефтчи"
(Кант шаары, "Цетральный" стадиону);
16:30 - "Алга"-"Абдыш-Ата"
(Беттеш өтүүчү жай тактала элек).