10-апрелден 11-апрелге караган түнү футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алкагындагы оюндар уланат. Бул күнү жарым финалга чыгуу укугу үчүн "Аякс"-"Ювентус" жана "Манчестер Юнайтед"-"Барселона" беттештери орун алат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1:00дө башталат.
Командалардын жооптук беттеши 17-апрелде орун алат.
Чейрек финалга өткөн командалардын алгачкы беттеши 10-апрелге караган түнү орун алды. Анда "Тоттенхэм" клубу өз талаасында "Манчестер Ситини" 1:0 эсебинде жеңип алса, "Порту" клубу конокто "Ливерпулдан" 2:0гө жеңилип калды.