Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ымыркайлардын сатылышы боюнча 7 кызматкердин иши уланууда.
Соттук процессте окуянын күбөсү суралды. Күбө дарыгерлерден багып алган баласына документ жасатканын айтты. Бирок ал баланы сатып албагандыгын, болгону сүйүнчү катары акча бергенин билдирди. Айыпталуучунун жактоочусу "бул кызматкерлер бала сатуу менен айыпталып жатабы" деп сурады. Ал "жок, бул жерде бала сатуу болгон эмес" деди.
Соттолуучу Ч.К. аттуу дарыгердин жактоочусу күбөгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындоону судьядан суранды.
"Сурак берген күбө окуянын негизги күбөсү. Бул калп айтып жатышы мүмкүн. Бала багып, ага жасалма документ алгандар ушулар. Анан аягында күнөөлүү кызматкерлер болуп калабы? Мындай болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан экспертизадан өтүшү керек", - деди жактоочу. Бул өтүнүчтү айыпталып жаткан 7 кызматкердин баарынын адвокаттары колдоду.
Судья 17-апрелде мамлекеттик айыптоочу сөз сүйлөгөн соң чечим чыгарабыз деп билдирди.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Бала сатууга шектелип кармалгандар №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.
Аларга "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Кийин үчөө соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.