Мекеменин 90дон ашуун ыктыярчылары Бишкектин "Көк-Жар" конушунда жашылдандыруу боюнча экологиялык акцияга катышты. Көчөттөрдү отургузуу иши Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабында Молдокулов көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын долбоору боюнча "Газпром нефть Азия" компаниянын колдоосу менен ишке ашты.
Аймакта зараңдын 200 көчөтү отургузулду. Алардын баары муниципалдык ишканада өстүрүлгөн. Иш башталар алдында агрономдор ыктыярчыларга бактарды кантип туура отургузуу керектигин үйрөтүштү. Көчөттөрдү сугаруу үчүн ирригациялык тармак жана сугаруучу систем орнотулду.
"Газпром нефть Азия" Бишкекте уюштуруп жаткан бул ири экологиялык демилге алгачкы эмес. 2017-жылы компаниянын ыктыярчылары "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы менен биргеликте 400 бакты Масалиев көчөсүнүн (Түштүк магистраль) эки тарабында Токтоналиев көчөсүнөн Ала-Арча дарыясына чейин отургузуп, "Мунайчылар аллеясын" ачышкан. Кыска убакыт өткөндөн кийин учурда бул аллея бишкектиктердин эң жакшы көргөн эс алуучу жайлардын бирине айланды.