Кечээ жааган жамгырдан улам Сузактагы 9 үйдүн короосун суу каптады

Кечээ жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 9 үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жамгырдын кесепетинен коктулардан агып келген суулар ички чарбалык арыктан ашып кеткен.

"10-апрель күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар ички чарбалык арыктан ашып, Багыш айыл аймагына караштуу Караган жана Кызыл-Туу айылдарындагы 9 турак үйдүн короолорун каптаган. Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнөн жалпы 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундар жана Багыш айыл аймагынан 2 экскаватор тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен суунун нугу башка каналга бурулуп, арыктын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, кырсыктан жабыр тарткандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sabette
2019-04-11 12:16:16
Качан оңолобуз сел келгенче тазалаш керек болчу жалкоо калк экенбизда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан