КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана Апрель баатыры Алга Кылычовго кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган партиядан тастыкташты.
Кылычов бул кылмыш ишин саясий тапшырма деп сыпаттоодо жана иш "Дан" ишканасына байланыштуу деген пикирде. Анын айтымында, кылмыш ишин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы козгоду. Ал эми бул мекеме маалыматты ырастай элек.
Алга Кылычов 2016-2019-жылдары "Дан" мамлекеттик ишканасын башкарган.