Кант шаарында белгисиз адамдар таксиге салып уурдап кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө. Хонда Фит унаасын издөө үчүн Кант авиабазасынын тик учагы эки жолу асманга көтөрүлдү.
Милиция кызматкерлери авиабазага издөө иштерине жардам берүүнү айтып кайрылган. Тик учак эки жолу асманга көтөрүлүп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Назира Имангазиева баланы издөө үчүн учурда Чүй жана Бишкек шаарына "Перехват" планы жарыяланганы айтып, бардык посттор катуу көзөмөлгө алынганын айтат.
"Учурда бардык кызматкерлер издөө иштерин улантып, ар бир унаа текшерилип жатат", - деди ал.
Буга чейин социалдык тармактарда 12 жаштагы бала табылып, аны чет элдик жаран уурдаганы боюнча маалымат тараган. Бул маалыматты ИИМ төгүндөдү.