"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалды

Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып белгисиз жарандар тарабынан ташталган эки жарандын өлүмүнө шектелип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн,11-апрелде криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалган. Учурда сурак жүрүүдө.

Буга чейин Чүй облусунун 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалымат боюнча алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Alinur96kg
2019-04-12 00:41:41
Бугун кармашты, эртен кайра чыгарып койушат.
+15
Simels
2019-04-12 00:49:19
Сакалын кор саксайып. Бул ушунча кишилерди олтуруп журот и еще Намаз дагы окуйтта э бети жок. Кудайдан коркпогон акмак
+16
PogbaGard
2019-04-12 01:02:52
Оллл
+3
jigit.paren
2019-04-12 05:51:54
Мурда 18 жылга соттолуп 2 жылдан кийин чыгып кеткен бул жолу деле ошондой эле болот
+8
max-bek
2019-04-12 07:45:17
Шайлоого жакын чыгарышат.элди опузалап шайлоодо добуш алып беришет.мына ушинтип жазадан кутулушат.
+6
Kristianuronaldu
2019-04-12 07:53:35
Олум жазасын кабыл алыш керекда ушуга окшогон адам сыяктууларга
+9
kechirmeni
2019-04-12 08:33:46
Ушундай келбет менен элге кызмат кылганда кандай сонун болмок!
+4
ninja82
2019-04-12 08:53:01
сакалын орттонгууур
+6
bazar
2019-04-12 09:57:33
Кылмышкерлердин баарында эле сакал го
+6
souza.j
2019-04-12 11:25:24
Буйруган жашоо да.
-1
ainura220888
2019-04-12 19:37:21
Ушундай адамдар исламга дак тушурушотда. Торт сакал коюп алып показухага мечитке барып коюп. Мин жолу кыйын болуп байларды тоноп келейлерге берсенда ал нерсе халял болбойт. Бироонун ырыскысын тартып алып бироого берген макуру болот. Жон эле адамда байый бербейтда. Шугур кылган адам Алланын купулуна толгон адамга байлык берет. Кыскасы ойлоп кетем кээбир адам олтургондорго олум жазасын бериш керек кайра кайра кылмыш ишин жасай берсе. Эптеп чыгып эле ошону уланта берсе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан