Кант шаарында белгисиз унаа аркылуу уурдалган 12 жаштагы Данил табылды. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.
Данил бүгүн, 11-апрелде саат 21:30 чамасында Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылды. Аны уурдаган деп шектелип, Э.Ш. жана В.Р. аттуу жарандар кармалды. Алар баланы уурдагандан кийин шаардын четиндеги панорамага алып барышкан. Андан соң ал жактагы жабык унаа токтотуучу жайга кармашкан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак.
Бүгүн, 11-апрелде саат 8:40 чамасында Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишкен. Бала Кант шаарынын 2-кичи районунда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен уурдалган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Чүй облустук милиция жоголгон баланы көргөн-билгендер болсо кабар берүүнү өтүнгөн.