15 жаштагы кызын зордуктоого шектелген адамдын иши боюнча соттук отурум 23-апрелде өтөт

Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелген адамдын иши боюнча соттук отурум 23-апрелде өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов кабарлады.
Анын айтымында буга чейин 2 жолу соттук отурум дайындалып, бирок жабырлануучу келе албай калганына байланыштуу жылып кеткен.
"Кылмыш жаза кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-2-пункттары (жашы жете электерге карата өзгөчө мыкаачылык жасалган, каалабаган кош бойлуулукка алып келген зордуктоо) менен айыпталган М.М.дин жазык иши Өзгөн райондук сотунун өндүрүшүнө 2019-жылдын 12-март күнү келип түшкөн. Ишти кароого жабырлануучу келе албай жаткандыктан буга чейин белгиленген соттук отурумдар болбой калган. Кийинки соттук отурум 2019-жылдын 23-апрель күнүнө дайындалды", - деди Осмонкулов.
Басма сөз кызматкери жабырлануучу кыздын сотко келе албай жаткандыгын, анын жакында көз жарып, төрөтканада жаткандыгы менен байланыштырды.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын башында Өзгөндө өз атасы тарабынан зордукталган кыздын 6 айлык боюна бүтүп калганы белгилүү болгон. Зордуктоого шектелген атасы 20-январда камакка алынып, кызы социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилгени маалым болгон.
Ал эми Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова 15 жаштагы кыз 5-апрелде көз жарганын белгилеп, туугандары кызды алып кетүүдөн баш тартканын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан