Кара-Балтада 31 жаштагы келин өзүн-өзү атып каза болду. Анын жанынан кат табылган

Чүйдүн Кара-Балта шаарында 31 жаштагы келин өзүн-өзү мылтык менен атып каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-апрель күнү болгон. Анда Жайыл районунун аймактык ооруканасына өз өмүрүнө кол салуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 11-апрель күнү саат 14:00 чамасында 31 жаштагы Х.М. аттуу аял өзүн-өзү мылтык менен сол көкүрөк тушуна атып, окуя болгон жерден каза болгонун аныкташкан. Аялдын жанынан "өлүмүм үчүн эч кимди күнөөлөп кереги жок" деген кат табылган.

Ок атылган мылтык каза болгон келиндин 59 жаштагы кайнатасы Х.В.га таандык. Анын айтымында, курал дайыма сейфте турчу. Бирок келин мылтыкты эч кимге билгизбей алып чыгып атынган. Маркум жолдошу Х.М. менен жашап, экөөнүн ортосунда 7 айлык кызы бар болгон. Учурда бул факты Жайыл РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
dasa-kgz
2019-04-12 18:39:53
Болоор иш бооду, боёсу канды. Эми Х.Б анан Х.М дебей толук эле жаза берсенер.
+10
DNurgiza
2019-04-13 18:24:42
dasa-kgz,ошентсе болмок.
0
NURSAPAR
2019-04-12 20:14:18
Аттиң... кырчындай өмүрүн кыйыптыр дааа
+2
karona12
2019-04-12 21:31:41
Канчалаган адамдар жашоо учун,ден соолук учун курошуп акча таппай донор таппай журушот булар болсо озун озу олтурушот.
+7
PROS
2019-04-13 08:10:15
Кечке эле өндүрүш дейсиңер, ал эмне деген мааниде??? Акча өндүрүш керекпи? Эгин талаасына себилген үрөн өндүрүлөт, бирөөнүн карызы өндүрүлөт. Ушундай маанини түшүндүрөт мен билгенден! Анан тергөөчүлөр эмнени өндүрүшөт?
+1
barakcha
2019-04-13 14:55:16
PROS,акча да)))
0
Birimdik5555
2019-04-13 08:43:23
Озун ойлобосо да кызын ойлобоптур да,кыз балага апа болгон жакшы да.
Не дейбиз эми жайы жаннатта болсун
+4
Mur-Naz
2019-04-13 11:04:40
Кызын ойлосо болмок экен жаман болуптур бир себеп бар же болбосо неге озуно кол салат
+2
Alia82
2019-04-13 12:24:11
Жакшылап иликтеш кк, бироо деле ошентип жазып чонтогуно салып атып койушу мумкун да,бии Кудай билет, Кудай сактасын
+1
DNurgiza
2019-04-13 18:28:58
Кантип эле жаңы эне болуп, бала жытын искеп отуруп, баласынын кыймыл аракетине сүйүнүп отуруп өзүн өзү атып коет, канчалык кыйын болсо дагы, баласынын аман эсен чоңоюшун ойломок... кылдаттык менен изилдеш керек. Кошуна, тууган дегендерден сурап..
Эхх, жаман болуптур
+1
babi92
2019-04-18 15:03:44
Бироолор чымындай жан учун ар бир мунотун эсептеп отурса,бироолорго ошол нерсе коптук кылат.Эх бир кем дунуйо....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан