Ысык-Көл облусунун Тоң районунда аялын урам деп 4 айлык кызын башка чаап алган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоң райондук соту кечээ, 11-апрелде чечим чыгарган. Ал жазык кодексинин 138-беренеси "саламаттыкка атайылап залал келтирүү" менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга кесилди.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
2018-жылдын 28-декабрь күнү түнкү саат 03:00дөр чамасында Туура-Суу айылында мас абалда келген 27 жаштагы Р.Э. аттуу жаран менен аялынын ортосунда уруш чыккан. Р.Э. аялын урам деп жатып жыгач менен аялдын колундагы наристенин башына катуу чаап алган. Ага жинденген аял бычак алып келип күйөөсүнө шилтегенде анын моюнун жана оң колун тилип кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, үчөөнү аймактык ооруканага жеткиришкен. Наристе өзүнө келбей жатып эртеси күнү жандандыруу бөлүмүнөн чарчап калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 29-декабрь күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү 2 айга камакка алынган.