"Youth Business Kyrgyzstan" жаштар ишкерлик программасынын алкагында "Жылдын жаш ишкери" аттуу сынак өттү. Бул сынакка 10дон ашуун Кыргыздын жаш ишкерлери катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча - Улан Саламатов (@ulan_salamatov) жеңишке жетти. Жакынкы учурда ал Колумбиядагы Картахен шаарына барып Эл аралык "Young Entrepreneur of the Year" сынагында - Кыргыздын намысын коргоп келгенге мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Улан Саламатов азыркы учурда "Вавилон" Курулуш компаниясынын башкы директору, ошондой эле "Вавилон" ресторанынын жетекчиси жана "Nano Space" робот-техника лабораториясынын уюштуруучусу болуп эсептелинет.
Улан Саламатов - жаштарга активдүү түрдө бизнес ачып жана аны өнүктүрүүгө жардам берет. Акысыз он чакты ийгиликтүү бизнес ачканга жардам берген.