Москвада 29 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып жатышат.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жаранынын сөөгү 11-апрелде аталган шаардын Ичка дарыясындагы темир көпүрөнүн алдынан табылган. "Ал жерден кан болгон үч таш, бут кийим, рюкзак, документ жана 500 рубль табылган. Тергөөчүлөр каза болгон адам 1990-жылы туулган Кыргыз жараны экенин аныкташкан. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.
Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова маалымат такталып жатканын билдирди.