Чүй облусунун аймактык ооруканасына 30 жаштагы жаран денесинен алган ар кандай жаракаттары менен оор абалда келип түштү. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG'ге тастыктады. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя 14-апрелде "Гавайи" эс алуучу жайынын аймагында болгон.
"Милициянын нөөмөт бөлүмүнө 14-апрель күнү таңга маал аймактык ооруканадан маалымат келип түшкөн. Анда белгисиз жаран денесинин бир нече жеринен миздүү нерсе менен тилинип жаракат келтирилген абалда түшкөнү айтылат. Ыкчам топ ооруканага барып, жабыркаган адам 30 жаштагы Т.М. аттуу Чүй облусунун тургуну экенин аныктаган. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.
Учурда бейтап эсине келип, сүйлөп калды. Аны менен тергөөчүлөр иш алып барууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.