Бүгүн, 15-апрелде жол кырсыгына кабылган айдоочу - "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкери. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 7:30да Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде №220-маршруттук такси менен мотороллер сүзүшкөн. "Мотороллердин айдоочусу 40 жаштагы Насырбек Бердибаев аман калды, аны каскасы сактады. Учурда ооруканада жатат. Ал бир нече жеринен жаракат алды. Бердибаевдин 3 баласы бар", - деп билдиришти мэриядан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан улам мотороллердин айдоочусу коомдук транспорттун алдында калып, 27 метрге чейин сүйрөлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин бул жол кырсыгы тууралуу күбөлөр билдиришкен.