"Бакай Банк" бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында жаштарды каржылык сабаттуулукка үйрөттү

"Бакай Банк" ачык акционердик коому Кыргызстанда 8-апрелден 12-апрелге чейин өткөн бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына катышты. "Global Money Week 2019" иш-чарасынын өлкөдө өтүүсүнө координатор катары Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы иш алып барды.

"Бакай Банк" "Global Money Week-2019" кампаниясынын Кыргызстанда өтүшүндө активдүү катышуучулардын бири болду. Аталган жумалыктын алкагында "Бакай Банк" жаштарга акчаны туура пайдалануу, топтоо деги эле каржылык сабатсыздыкты жоюу боюнча бир катар окууларды жүргүздү.

"Бакай Банк" жаш муунга, өзгөчө аярлуу катмардагы калктын балдарына, билим алууга шарты жок үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна салым кошуп келет. Буга байланыштуу Банктын кызматкерлери бир жума ичинде Нарын, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучуларына каржылык сабаттуулук боюнча лекцияларды өткөрдү.

Тренинг учурунда окуучулар банктын ишмердүүлүгү, Кыргызстандагы банк системи жана башка өздөрүн кызыктырган суроолорду узатып, жооп алышты. Соңунда тренингге катышкандар чакыруу алгандыгына, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шарт түзүлгөнүнө ыраазычылык билдирди.

"Бакай Банктын" Кара-Балта шаарындагы филиалынын башчысы Асфира Жаманкулова алар бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына катышкандыктарына, балдарга акча каражатын пайдалануу жөнүндө лекцияларды окугандарына чоң кубанычта экенин белгиледи.

"Бизге эс тарткандан тартып эле түрдүү багыттагы билимдерди беришет, бирок өзүнүн жеке акча каражатын кантип башкаруу, көбөйтүү керек дегенди көпчүлүк билбейт. №102 кесиптик лицейдеги семинардын активдүү угармандары - өлкөнүн келечеги түзүлө турган жаш муун болду. Биз үчүн жаштардын акча каражаттарын туура пайдаланууну, аны көбөйтүүнү билүүсү маанилүү. Биз аларга акчаны табуу гана эмес, аны сабаттуу башкарууну да билүү - каржылык жактан өсүшкө алып бара турган жол экенин түшүндүрдүк", - дейт Жаманкулова.

"Бакай Банк" ачык акционердик коомунун башкы кеңсеси Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүнүн 77-дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0312 610061, уюлдук телефондон 6111, WhatsApp менен 0554006111 номерине кайрылсаңыз болот.

GlobalMoneyWeek - Child&YouthFinanceInternational'дын демилгеси менен каржылык сабаттуулукту билүү үчүн жыл сайын өтүп турган глобалдуу майрам.
"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан