Чүйдүн Аламүдүн районунда 75 жаштагы карыянын өлүмүнө 18 жаштагы небереси жана аны менен чогуу жашаган 17 жаштагы бала шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 11-апрель күнү саат 19:20 чамасында күч колдонулуп каза болгон улгайган кишинин жансыз денеси табылганы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон жаран Лебединовка айылынын тургуну 75 жаштагы А.П. экенин аныкташкан. Ал көп жылдан бери аталган айылдагы үйүндө жалгыз жашап жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 130-берененин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары каза болгон карыянын 18 жаштагы небереси М.К. аттуу кыз жана аны менен чогуу жашаган 17 жаштагы Ч.Я. аттуу жаран кармалды. Учурда шектүүлөр Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы сурак учурунда кармалгандар карыянын үйүнөн бир нерсе уурдап бара жатышкан. Муну байкап калган маркум аларга каршылык көрсөткөндүктөн ага бычак сайган. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып тергөө иши башталды", - деп айтылат маалыматта.