Жалал-Абадда 18 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген жаран Бишкекте качып жүргөн жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 18 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2018-жылдын 21-сентябрында Базар-Коргон районунун Чкалов айылынын тургуну 1972-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда анын 18 жаштагы Ж.Н. аттуу кызын Айбек аттуу жаран мейманканага алып кирип, коркутуп, зордуктаганы жазылган. Бул факты боюнча (ред. эски кодекс) Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси "зордуктоо" менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кылмышын жашыруу максатында өзүнүн атын өзгөртүп, атын Айбек деп тааныштырып, оор кылмыш ишин жасаган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун, Чкалов айылынын тургуну. Мурда бир нече жолу соттолгон. Билими 5-класска чейин, эч жерде иштебеген 26 жаштагы М.у.Э. аттуу жаран болгон.

"Шектүү 11-апрель күнү Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Ал Жалал-Абад ШИИБине алынып келинип, тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы күндө анын буга чейинки жасаган башка кылмыш иштерин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштери улантылууда", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2019-04-16 12:01:38
бычып салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан