Чүйдө денеси бычак менен тилинген адамдын окуясы боюнча шектүү кармалды

Чүй облусунун аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн жарандын окуясына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгилүү болгондой, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берене "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

"Ыкчам-тергөө ишинин натыйжасында бул ишке шектүү катары Ысык-Ата районунун 34 жаштагы тургуну Б.Т. кармалган. Алгачкы тергөө ишинде жабырлануучу менен шектүү тааныш болушканы аныкталган. Окуя болгон күнү алар бирге эс алып отуруп, ортодо чыр чыккан. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан