Ош шаардык соту Ош шаарындагы эс алуу багында отурган аял менен эркектин уюлдук телефондорун, унаасын тартып алып, колу-бутун байлап ээн талаага таштап кеткен 3 адамга карата чечим чыгарды. Акт.сот.кж сайтындагы маалыматка ылайык, жогорудагы кылмышты жасады деп табылган адамдын биринчисин сот 12 жылга, экинчисин 6 жыл 3 айга эркинен ажыраткан. Үчүнчүсүн 6 жылга шарттуу кескен.
Окуя өткөн жылдын сентябрь айында болгон. Анда эркек киши менен аял саат 22:00дөр чамасында тамактануу үчүн ашканага барып, бирок ашкана жабылып жаткандыгына байланыштуу шишкебек сатып алып, бакта кечки шаарды көргөнчө тамактанууну чечишкен. Ал учурда жолго Тойота-Хайлендер унаасын токтотуп коюшкан. Бир кезде алардын унаасынын жанына 2 адам келип, унааны ары-бери өтүп карашып, андан кийин өздөрүнө келип, эркек адамдын башына таш менен уруп, алаканын кесип салышкан. Ошол эле учурда жабырлануучулардын 15 миң сом накталай акчасын, баасы 10 миң сомдук портмонесин, баасы 53 миң сомдук Айфон 6S үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана баасы 1 200 сомдук телефонун каракчылык жолу менен тартып алышкан. Андан кийин экөөнүн буту-колун байлап Тойота-Хайлендер үлгүсүндөгү унаага салып, ээн талаага алып барып ташташкан.
Ал жерде аялдын колундагы жип жулкунуп жатканда чечилип, андан кийин эркек адамды жип, скотчтон бошотуп, жакын жердеги үйлөрдүн бирине барып милицияга кабар беришкен. Сот 42 жаштагы Т.З.ны кылмыштын башында туруп, баарын уюштурган деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал мурда соттолгон. Ал эми 24 жаштагы У.Ж. Т.З.нын көрсөтмөсү менен кылмышты жасашып, 6 жыл 3 айга камакка алынган. Экөөнө такси катары келип, кылмыштын баарын көрүп, аял эркектин колу-бутун байлап унаанын жүк салуучу жайына салып кеткенин көрүп, бирок өзүнүн унаасы менен жолуна түшүп кеткен И.Р. 6 жылга шарттуу эркинен ажыратылып, 2 жылы сынак мөөнөтү деп белгиленген. Жабырлануучу аял соттук отурумдарга катышкан эмес. Ал катуу коркуп калганын, кылмышкерлерди көргүсү келбей турганын айткан. Ал эми жабыр тарткан эркек киши алардын мыйзам чегинде жаза алышын каалаганын айткан. Ага унаасы кайтарылып берилген.