Ырчы Бегимай Карабаева кошумча каражат табуу максатында жеке ишкерлик менен алектене баштады

Ырчы Бегимай Карабаева чыгармачылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенип баштады. Тактап айтканда, ырчы Баткен шаарына кийим-кече саткан дүкөн ачып, кошумча каражат табуунун үстүндө иштеп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Кийим-кече саткан дүкөндү улуу кызым Айдайдын атынан ачтым. Заман талабына ылайыктуу кийимдер Түркия, Индия жана Гуанчжоудон алынып келет. Негизи эле мен кичинемден бери соода кылып чоңойгом. Тагыраагы, 12 жашымдан баштап соода-сатыкка аралаша баштагам. Анткени апам 30 жылдан бери бул иш менен алектенет. Буга чейин апам экөөбүз чогуу болчубуз, азыр мен өзүнчө бөлүнүп чыгып, кошумча каражат табайын дедим. Азырынча 1 ай өзүм иштеп, дүкөндүн ички, сырткы жасалгалары менен алек болом. Андан кийин келиниме тапшырам", - дейт ал.

Бегимай Карабаева эл оозуна "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен алынган. Учурда ырчынын Айдай жана Адемай аттуу кыздары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakubek
2019-04-16 19:04:57
Соодан журушо берсин
+1
Mamiev
2019-04-16 19:52:38
Жалпыга жарыялабай эле алектене берсе болбойбу. Бир жаңылык айтып он сүрөтүн кошуп жүктөп эптеп пиар таап турушат экен да бул ырчылар
+2
raykray
2019-04-16 22:16:15
Ишине ийгилик,бизгеда жуксун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан