Бийчи жана хореограф Максат Токтоналиев социалдык тармактагы жеке баракчасына футболчуларга болгон нааразычылыгын жазып чыкты. Анда ал өзүнүн "SHOW Dance" бийчилер тобу менен бийлеп жатканда айрым футболчулар ортого чыгып алып топ тепкилеп ойногон видеосун жүктөгөн. SUPER.KG порталы бийчи менен байланышып, нааразычылык жараткан окуя тууралуу билип көрдү.
"Кечээ, 15-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча чемпиондугу башталган. Анда оюндун ортосундагы тыныгууда күйөрмандар үчүн ыр-бий уюштурулган. Мен дагы бий тобум менен ошол иш-чарага чакырылгам. Тыныгуу учурунда биз эл алдына чыгып бийлеп жатсак айрым футболчулар ортого чыгып алып топ тээп, өз билгенин кылып жүрүштү. Бул маданиятты сыйлабагандык да. Биз бийлеп жаткан учурда залга чыгып ойногондор "EREM" командасынын оюнчулары экен. Бийлеп бүткөндөн кийин уюштуруучуларга кайрылып, капалыгыбызды билдирдик. Алар оюнчуларга түшүндүрүү иштерин жасады. Негизинен мындай көрүнүштөр чет өлкөлүк чемпиондуктар өтүп жатканда деле болот", - дейт Токтоналиев.