Кара-Сууда маршруттук такси эгин талаага кирип кетип, 8 адам жаракат алды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жүргүнчү ташыган маршруттук такси кырсыкка учурап, 8 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматкери Тилек Оторов билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-апрелде саат 10:30 чамасындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 650-чакырымында болгон.

"51 жаштагы айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү маршруттук такси менен Ош шаарына бара жаткан. Жолдо айдоочу унааны башкара албай, эгин талаасына кирип кетип кырсыктаган. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бешөө денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган.

Тиешелүү материалдар Кара-Суу РИИБине өткөрүлүп берилип, тергөө иш амалдары башталган. Кырсыктан кийин дагы 3 адам өзүн жаман сезип ооруканага кайрылышкан. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди Оторов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kydyrova_71
2019-04-16 15:55:36
Ош шаарына бара жаткан деп ката жазылган болуш керек, Ош шаарынан бара жаткандай болду эле.
+1
elchi84
2019-04-16 18:48:34
kydyrova_71,Биз Ошко кетип жатканда жолдун он жагындагы талаада оодарылып жаткан экен ошондо Ошко кетип жаткан болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан