Чүй облусунун Кемин районунда 20 жаштагы жаранды бычактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканалардын бирине бычактан жаракат алган жаран келип түшкөнү кабарланган. Айтылган дарекке ыкчам-тергөө тобу барып, жабырлануучу Кемин районунун 20 жаштагы тургуну К.А. экенин аныкташкан. Ал 10-апрель күнү аталган райондун көчөлөрүнүн биринде курсагына бычак сайылып, ооруканага түшкөнүн айтып берген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 138-берене "саламаттыкка залал келтирүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам-тергөө тобу көп өтпөй бул кылмышка шектүү катары Чүй облусунун тургуну М.А. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө учурунда жабырлануучу менен анын ортосунда уруш болгонун айтып берген. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.