Ак-Талаа районунда "Чыгыш Электр" мекемесинин 23 жаштагы кызматкери кырсыктап каза болду

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда "Чыгыш Электр" ишканасынын кызматкери электр мамысынан кулап каза болду. Маалыматты "Чыгыш Электр" ишканасынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына тастыктады. Белгилүү болгондой, окуя жумуш учурунда болуп, кырсыктаган кызматкер каза болуп калган.

"Окуя болгондугу чындык. Кызмат учурунда кырсык болду. Бул боюнча азыр атайын комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Алар кырсыктын келип чыгуу себебин аныктап, иш жүрүп жаткан учурда коопсуздук техникасы сакталганбы же жокпу ошону иликтешмекчи. Жыйынтыгы 1 аптанын ичинде чыгып калат. Ошондо толук маалымат берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өздүк булактардын билдиргенине караганда каза болуп калган жаран 23 жашта болгон. Маалыматтар боюнча кызматкерлер электр чубалгыларын алмаштыруу, электр мамыларына жанаша өскөн бактардын бутактарын кыюу иштерин жүргүзүп жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан