Ош ОИИБ: "Өзгөндө 16 жаштагы кызга таякеси тарабынан ыплас аракеттер болбогону аныкталды"

Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жаштагы кызга таякеси тарабынан ыплас аракеттер болуп жатат делинген окуя териштирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы кызга медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында кызга эч кандай ыплас аракеттер болбогону аныкталган.

"Бул маалымат бизге Москва шаарынан келип түшкөн. Ошол замат биздин кызматкерлер тийиштүү иш- аракеттердин баарын жасашкан. Кызга медициналык текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында эч кандай жаман иштер болбогону аныкталган. Ал эми териштирүүдө 16 жаштагы кыз Москвадагы жаран менен узак убакытка телефондо сүйлөшө бергенинен улам таякеси телефонун алып, өчүрүп салган. Ал эми тигил жаран кызга кимдир-бирөө тарабынан ыплас иштер болуп кеттиби деген ойдо маалыматты бизге билдирген экен. Учурда кыздын таякеси ачууланып, мындай маалымат берген адам менен сотто сүйлөшөм деп жатат. Ал эми 16 жаштагы кыз мектепте окуп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

21-март күнү Өзгөн РИИБинин нѳѳмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Орусия Федерациясынын Москва шаарынан кабар келген. Анда Өзгөн районунун тургуну 16 жаштагы А.Н. аттуу жаранды таякеси ошол эле айылдын жашоочусу 20 жаштагы С. К. уулу аны жыныстык катнашта болууга мажбурлаган деген мааниде маалымат берген. Кызга ыплас аракеттер жасалган же жасалбагандыгын тактоо максатында соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Милицияга кайрылган жаран кыз менен видео аркылуу сүйлөшүп жатканда, бир караан кирип кыздын телефонун колунан жулуп, андан соң өчүрүп салганын айткан. Мындан улам ал кызга зомбулук болуп жатат деп ойлогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
souza.j
2019-04-16 20:02:32
Ойундан сенин. Келсен коп ойлонот окшойсун
0
elchi84
2019-04-16 22:21:00
Москвадан чакыртып жооп бериш керек.
+2
Kubat77
2019-04-16 23:32:13
Адамдын тагдыры силерге ойунчукпу далилсиз суйлогон созуно бир адамдын азап тартканы туурабы озуно ушундай кундордун даамын таттырыш керек.
+3
Respect.
2019-04-17 12:38:57
Кызга кырк үйдөн тыю болуптур да, аны түшүнбөгөн жигити болумуш ушакчы катындан айырмасы жок экен...

+2
semo
2019-04-17 14:02:59
жалган жалаадан кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан