16-апрелде борбордогу кинотеатрлардын биринде "Мурас" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аталган тасма Асанбек Кулманбетовдун "Киши жегич кемпир" ("Старуха людоед") чыгармасынын негизинде тартылган.
Тасманын аталышы: "Мурас"
Бет ачары: 16-апрель
Жанры: триллер
Режиссёру: Азамат Шаршенов (Арыков)
Продюсери: Данияр Омурбеков
Ролдордо: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев, актёр Аскат Сулайманов, Азамат Шаршенов, өзбек актрисасы Шахзода Матчанова, Тынара Абдразаева, Данияр Омурбеков, ырчы Айпери Кубик кызы жана башкалар.
Тасманын сюжети тууралуу айтсак, фильмде жаш үй-бүлөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү арзаныраак батир табыш керек болуп, бир кемпирдин эски үйүн табат. Үй арзан, тынч сезилет. Бирок кошуналары кайып боло баштайт. Кийинчерээк эмнеге кайып болгонун түшүнөт... Тасма андан ары кызып, түрдүү окуялар орун алат. Фильм балдарга сунушталбайт.
Тасманын режиссёру Азамат Шаршенов: "Тасма көптөгөн кыйынчылыктар менен тартылды. Өз максатына жетет деген ойдомун. Ал эми баш каармандын ролуна өзбек актрисасы дагы тартылды. Ал өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу актриса экен. Тандоомо өкүнгөн жокмун", - дейт.