Жалал-Абад шаарында унаадан ири өлчөмдөгү акча уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү Жалал-Абад шаарында Сузак районунун тургунунун ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 369 миң сом акча уурдалганы кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголгон. Тергөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа айдаган жаран кармалган.
Шектүү Таш-Көмүр шаарынан колго түшкөн. Ал Ысык-Көл облусунун 48 жаштагы тургуну К.У. аттуу жаран болгон. Учурда тергөө иштери башталды деп жазылат маалыматта.